Таласта Чек ара кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз түрдө товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү аракетин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда УКМКдан билдиришти.
Маалымдалгандай, 31-майда “Чоң-Капка автожол” контролдук өткөрүү пунктунда А.К., С.к.Ж., С.К. аттуу жарандардын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Атего үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаалардын ичинен тиешелүү документтери жок 20 миллион сомдон ашык суммадагы текстиль буюмдары жана башка материалдык буюмдар табылды.
Учурда бул факты боюнча аталган мыйзамсыз жосундун шериктерин жана милдеттүү салыктарды, башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.