УКМК тарабынан Бишкек жылуулук электр борборунун адиси кармалды

Бишкек жылуулук электр борборунун адиси кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган. Ал кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 3 миң 200 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э. кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схеманы уюштургандыгы, катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоодон жана бурмалоодон көрүнүп турат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан