Ооганстандын чыгышында дарыядагы паром чөгүп, кеминде 20 киши набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышууда.
Нангархар провинциясынын маалымат жана маданият департаментинин директору Курайши Бадлон кайык Мохманд Дар аймагындагы дарыядан өтүп баратканда чөгүп кеткендигин, анын ичинде аялдар жана балдар да болдугун айтты. Ошондой эле алардын ичинен 20 киши каза болгондугун билдирди.
Бадлон айыл тургундарынын айтымында, кайыкта 25 адам болгонун, алардын бешөө аман калганын айтты.
Нангархардын Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсүндө, ушул убакка чейин беш кишинин сөөгү табылды (бир эркек, бир аял, эки бала жана бир кыз). Ал кошумчалагандай, аймакка медициналык бригада жана тез жардам унаалары жөнөтүлгөн.
Расмий өкүлдөр окуянын себебин тактай элек. Учурда куткаруучулар дагы деле сөөктөрдү издөөнү улантып жатканын билдиришти.