Сокулукта зордуктоого шектүү камакка алынды

Сокулук районунда зордуктоо фактысына шектүү жаран кармалды. Маалыматты Чүй облустук милициясы билдирип, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айтты.
Милицияга кечээ, 1-июнда Сокулук районунун Раздольный айылында зордуктоо болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда кечээ Сокулук районунун Раздольный айылынын паркында О.А. зордукталганы аныкталган. Кылмыштын изи сууй электе шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан