"Париж-2024": Кыргызстан Олимпиада оюндарына дагы бир лицензия утту

Бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Бангкокто өткөн лицензиялык турнирде Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

57 килограмм салмакта күч сынашкан Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чейин жетип, анда украиналык Айдер Абдураимовго калыстардын чечими менен утулуп калды. Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште индиялык Сачин аттуу мушкерди утуп, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Бангкокто Олимпиада оюндарына ар бир салмак боюнча акыркы үч лицензия ойнотулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан