Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам издөө жана иликтөө иш-чаралары улантылууда. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Анын негизинде сот органдары тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча мурда УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде бир катар чечимдер кабыл алынган. Алар: - Баткен облусунун Лейлек райондук соту мыйзамсыз жол менен контрабандалык жүктү (жалпы баасы 870 миң сом болгон таттууларды) Тажикстан тарапка өткөрүүгө аракет кылган М.Т. аттуу Кыргыз жаранына карата кылмыш ишин карап, кармалган жүктү жана Хюндай Портер үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын (баасы 700 миң сомдун тегерегинде) мамлекеттин кирешесине конфискациялады, ошондой эле мыйзамсыз контрабандалык иши үчүн айыпталуучуга 100 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Жалпысынан мамлекеттин пайдасына 1 миллион 670 миң сом алынды.
Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун чечими менен 2000-жылы чыгарылган Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаасын Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Ю.Н. аттуу Кыргыз жараны Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 4-пунктунун негизинде күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык пробация берилди, ал эми кармалган унаасы мамлекеттин пайдасына алынды.
Мындан сырткары контрабандага каршы күрөшүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган Хюндай Портер маркасындагы жүк ташуучу автоунаа (850 миң сомго жакын бааланган) Баткен облустук сотунун токтому менен мамлекеттин пайдасына конфискацияланды.