Кыргызстандын паратриатлон боюнча курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпиондугунда эки медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Филиппиндин Субик-Бей шаарында өткөн чемпиондукта Айтунук Жоомарт кызы (коштоп жүрүүчүсү Ангелина Блиндус) алтын жеңсе, Гүлназ Жүзбаева (коштоп жүрүүчүсү Юлия Фернас) 2-орунду ээлеп, күмүш байге уткан.
29-май күнү башталып, 2-июнда жыйынтыкталган мелдешке курама команда башкы машыктыруучусу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында катышышкан.