Терезеден дене боюн чыгарып, автоээнбаштык жасоого жол берген айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Жарандар Сары-Челек көлүнүн жолунда дене боюн унаадан чыгарып, коопту абалда автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасманы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине жөнөтүшкөн.
Бул факты боюнча ошол замат Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери автоунаанын айдоочусун таап, Укук бузуулар кодексинин негизинде 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына киргизишкен.