Республикада сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында бүгүн, 3-июнда ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.
"Баткен облусунда 3, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгону кошумчаланды.