Бүгүн, 3-июнда Кыргыз футбол бирикмеси алдыда боло турган беттештерде оюн көрсөтө турчу улуттук кураманын тизмесин жарыялады.
Маалым болгондой, тизмени Улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы бекиткен. Эми бул курам 2026-жылындагы Дүйнө чемпиондугуна жана 2027-жылындагы Азия Кубогунун алкагында өтө турчу тандап алуу оюндарына катышат.
Кураманын тизмеси:
Башкы машыктыруу: Штефан Таркович;
Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Марсель Исламкулов;
Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Хриситян Браузман, Кайрат Жыргалбек уулу, Амантур Шамурзаев, Александр Мищенко, Саид Дациев;
Жарым коргоочулар: Гулжигит Алыкулов, Одилжон Абдурахмонов, Эльдияр Зарыпбеков, Бектур Амангелдиев, Эрмек Кенжебаев, Муролимжон Ахмедов, Алимардон Шукуров, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Эрбол Атабев, Магамед Узденов;
Чабуулчулар: Кай Мерк, Кожо Жоэл, Эрнист Батырканов, Нурбол Бактыбеков.