Бүгүн, 3-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районунда "Ак-Жол" өткөрүү пунктунун жанында жайгашкан "Бишкек-Алматы" кафесинин артында жаңы салынган чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жерине өрттү өчүрүүгө саат 11:51де Аламүдүн райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 12:00дө экинчи күжүрмөн эсеп жардамга чыккан.
Ага ылайык, тилсиз жоо саат 12:34тө чектөөгө алынып, саат 14:00дө толук өчүрүлгөн.
"Өрттүн кесепетинен 2003-жылы туулган Т.у.Н. аттуу жигит каза болгон. Ошондой эле 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен шаардык №4 ооруканага жеткирилген. Маалыматка ылайык, анын денесинин 9 пайызын күйүк алган. Абалы туруктуу", - деп айтылат маалыматта.