"Ар бир белекти көздүн карегиндей сактайм". Ырчы Акмаанай Эшбаева туулган күнүн белгилеп жатат

Бүгүн, 4-июнда ырчы Акмаанай Эшбаева 39 жашка чыкты. "Жеңди түрүп чыгармачылык менен алектенем" деген ырчы айым өздүк майрамы, алдыдагы пландары тууралуу SUPER.KG порталына кыскача маек курду.

"Маанайым абдан жакшы. Түнкү саат 12де жолдошум, балдарым болуп куттукташты. Андан кийин жакын санаалаштар, кесиптештер жакшы тилектерин арнап жатышат. Азыр жумуштамын. Кечинде өздүк майрамды өткөрүү боюнча ойлонуп жатабыз. Балким, үйдө болобуз бир тууган, бала-чака менен, же тоого чыгабыз, же кафеге барабыз", - деп билдирди Эшбаева.

Ошондой эле ырчы айым туулган күнүндө алган ар бир белек ал үчүн кымбат турарын, аларга аяр мамиле жасаарын дагы айтты.

"Белекти ким бергенине карабай ар бири мен үчүн кымбат, кадырлуу. Ар бир белекти көздүн карегиндей сактайм жана алардын ар биринин тарыхын эсимде сактайм", - дейт.

Мындан тышкары ал чыгармачылыктагы жаңылыктарына токтолуп, жакынкы убактарда жаңы чыгармалар менен күйөрмандарын кубантарын белгиледи.

"Акыркы эки жылдын ичинде декретте болуп, чыгармачылыкта тыныгуу болду. Бирок жаңы "Кызгалдак" аталышындагы ырым чыкты. Алдыда, буюрса, кавер версиялар, саундтректерден даяр болот. Клип тартуу боюнча дагы пландар бар. Жеңди түрүп, белди бууп ишке киришкени турабыз", - деди ырчы.

Ырчы Акмаанай Эшбаева 1985-жылы 4-июнда Ош облусунун Кара-Суу райондагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетин ишкананы башкаруу адистиги боюнча, Оштогу Ныязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жана Кыргыз улуттук консерваториянын жеке ырдоо бөлүмдөрүн аяктаган.

7 жашында Ибрагим Жунусовдун "Эламан" аттуу ыры менен Ош улуттук драма театрында алгачкы жолу чоң сахнага чыккан. Белгилүү обончу жана аткаруучу Токон Эшпаевдин кызы. Токон Эшпаевдин "Өзгөчөм" аттуу ыры менен эл оозуна алынган. Учурда Бишкек шаардык мэриясынын "Семетей" ансамблинде эмгектенет. Жолдошу Кубатбек Алымкулов да өнөр адамы.

4-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан