"550 миң сомду курьер аркылуу жиберип..." Бишкекте телефон алдамчылыгына шектелген жаран кармалды

Бишкекте телефон алдамчылыгына шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-майда милицияга Х.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз жарандар апасынын телефонуна чалып, кызы жол кырсыгына учурап, ооруканада жатканын, тез арада дарылоого 550 миң сом керектигин айтышкан. Апасы айтылган сумманы курьер аркылуу салып жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1997-жылы туулган А.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан