Өзгөн районунун 1992-жылы туулган Т.К. аттуу тургуну “адам өлтүрүүгө аракет жасады” деп шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Т.К. аттуу Өзгөн районунун тургуну аялын “социалдык түйүн аркылуу башка бирөө менен сүйлөшүп жатат” деп кызганып, аны ур-токмокко алган. Натыйжада аялы Ош шаардык ооруканасына жаткырылган.
Т.К. 19-декабрь күнү аялынын дарыланып жатканына карабастан, аны өлтүрүү максатында базардан 90 сомго маки сатып алып, ооруканага барган. Андан соң аялын коридорго чакырып, ич тарабына бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Учурда 21 жаштагы келиндин абалы оор. Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.