Португалия курама командасынын жылдыз чабуулчусу Криштиану Роналду франциялык футболчу Килиан Мбаппенин "Реалга" өтүшүнө реакция жасады.
39 жаштагы португалиялык испаниялык топ-клубда 9 жыл ойноп, Мадриддин башкы жылдызы болгон. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Мбаппе Криштиану Роналдунун мураскери катары эсептелинет.
"Эми мен сени карап турчу убак келди. Сенин "Бернабеудагы" мыкты оюнуңду көрүп кубанычта болом", - деп жазды Роналду Килиандын социалдык тармактагы постунун астына.
Футболчунун "Реал" менен келишими 2029-жылга чейин түзүлдү. Мбаппе буга чейин Франциянын ПСЖ клубунда ойногон. Өткөн сезондо франциялык чабуулчу команда үчүн 48 беттеш өткөрүп, 44 гол киргизип, 10 жолу голдук пас берген.
Белгилүү Transfermarkt интернет-порталы франциялык чабуулчуну 180 миллион еврого баалады.