Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө одоно мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Окутуу мекемесинин катышуу журналдарын изилдөө жана тесттик, экзамендик отчёттордун жыйынтыктары көрсөткөндөй, студенттердин көпкө сабакка келбегендигине, анын ичинде тийиштүү тесттерди жана экзамендерди тапшырбагандыгына карабастан, бул фактыны жашырып, студенттердин катышуусу жок алардын андан ары билим алышына уруксат беришкен.
Окуу жана экзамендерди тапшыруу мезгилинде студенттердин белгилүү бир бөлүгү Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөндүгү жана республиканын башка аймактарында жашагандыгы аныкталган.
Институттун ишмердүүлүгүн объективдүү жана толук текшерүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, анда аныкталган фактылардан тышкары дагы бир катар одоно мыйзам бузуулар, анын ичинде каржылык мыйзам бузуулар да бар экендиги такталды.
Учурда БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүндөгү бардык кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.