Чүй облусунда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний агымынын активдүү мүчөлөрү аныкталып, алардын бирөө камакка алынды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК алардын жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар) табылып алынган.
"Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын «халифасы» деп эсептеген М.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде айыпталуучу катары тартылып, Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилген. Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.