"Кытайдан унаа алып келип берем". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-январда милицияга Ц.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал былтыр 10-декабрда Б.Н. аттуу жаран ишеничине кирип, "Кытайдан унаа алып келип берем" деген убадасы менен 65 миң долларын алганын, кийин убадасын аткарбай качып жүргөнүн айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1993-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан