Токтогулда көчөдөн жансыз дене табылган. Милиция бир адамды кармады

Токтогулда 47 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип, эки айга камакка алынды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Токтогул милициясына 2-июнда көчөлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы кабарланган. Окуя болгон жерге Токтогул РИИБинин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу, райондук прокуратурасынын жетекчилиги барып, жыгач кашаа менен короолонгон жер аянтында 1979-жылы туулган Р.С. аттуу тургундун жансыз денеси жаткандыгы аныкталган. Анын бет тарабында жаракаттары бар абалда табылган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 1977-жылы туулган тургуну Э.у.Н. кармалып, эки айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан