Коңшу Өзбекстанда Роналдо аттуу бала табылды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка ылайык, Янгибаев Роналдо Фуркат Угли 2011-жылы туулган. Атын атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун урматына коюшкан. Бирок ата-энеси футболчунун атын туура эмес жазып алышкан. Алар Роналдуну бразилиялык Роналдо менен чаташтырып алышкан.
Янгибаев Роналдо Фуркат Угли учурда мектеп окуучусу жана ал дагы футбол менен алектенет.
Белгилей кетсек, буга чейин Месси жана башка атактуу футболчулардын ысымдарын алган балдар бар экени айтылган.