Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-мартта милицияга С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал С.Ж. аттуу жаран өзүн Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан микрокреддиттик компаниялардын биринин кызматкери катары тааныштырып, "насыяңды төлөп берем" деген убадасы менен узак убакыт бою өзүнүн жеке банк картасына акча котортуп турганын айткан. Мындан жабырлануучу жалпы 107 миң 161 сом материалдык чыгым тарткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1988-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.