Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн дагы 16 чет өлкөлүк жаран кармалды

Кыргызстандын аймагында "Нелегал-2024" рейддик иш-чарасы уланып жатат жана анын алкагында өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүргөн дагы 16 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Аталган операциянын алкагында, 3-июнь күнү Бишкек шаарында УКМК тарабынан өлкө аймагында жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен, ишкерликтин ар кандай чөйрөлөрүндө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 16 чет өлкөлүк жаран аныкталган.

"Чет өлкөлүк тартип бузуучулар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн (анын ичинде аларды Кыргыз Республикасына чакырган адамдар жана уюмдарга карата) өткөрүлүп берилди. Ыйгарым укуктуу органдар мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча ыкчам издөө иш-чараларын улантууда", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан