Футбол боюнча Англия улуттук курамасы 14-июнда баштала турган футбол боюнча Европа чемпиондугун жеңүү үчүн негизги фаворит болуп саналат. Муну 24 катышуучу команданын турнирде жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар таблицаны караган Opta статистикалык агенттиги суперкомпьютерге таянуу менен жарыялады.
Биринчи орунда Англия курамасы турат. Бул кураманын турнирде жеңишке жетүү ыктымалдыгы 19,9 пайызга бааланган. Экинчи орунда Франция курамасы - 19,1%. Алдыңкы үчтүктү 12,4% менен турнирдин кожоюну Германия жапты.
Ал эми суперкомпьютер "Евро-2024" турнирин жеңүү мүмкүнчүлүгү эң аз деп Грузия курамасын тапкан. Бул кураманын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 0,1%.
Футбол боюнча Европа чемпиондугу 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Турнирге 24 команда катышат. Оюндар он стадиондо өткөрүлөт.