Бүгүн, 5-июнда Ош шаарынын Кокумбий көчөсүндө жайгашкан "Байкөл" мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыкты. Кырсыктан 7 адам жабыркаган. Бул туурасында ӨКМдин Оштогу кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.
“Өрттү өчүрүүгө саат 14:06да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт 14:56да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.