ИИМ издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Адам уурдоого шектелип издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтуп мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган Ю.Р. аттуу жаран былтыр 7-ноябрда шериктери менен бирге Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен бир адамды күч менен унаага салып, шаардын сыртына алып чыгып, сабап, бычак менен коркутушкан. Алар андан "общакка 200 миң сом бересиң" деп опузалап акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) жана 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, изин жашырып кеткен Ю.Р.га издөө жарыяланган.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына камалып, кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан