Эртеңки Кыргызстан–Малайзия футбол боюнча Улуттук курама командалардын беттеши алдында, бүгүн, 5-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстан курамасынын расмий машыгуусу орун алууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, машыгуунун старты алдында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев оюнчулар менен жолугуп, алдыдагы оюнга ийгилик каалап өттү.
"Эртең баарыбызды абдан маанилүү оюн күтүп жатат. Сиздердин оюнуңуздар футбол сүйүүчүлөрүнө өлкөбүздөгү футболдун жаркын келечеги бар деген үмүтүн берет.
Азыр бардык өлкөнүн сиздерге көз салып турган кези. Андыктан эртеңки оюнда жеңишке жетип, Азия Кубогунун жолдомосуна ээ болуп, Дүйнө Чемпиондугунун кийинки раундуна өтөбүз деп үмүттөнөм", - деди Ташиев.