Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан мончодон өрт чыккан. Бул туурасында 5-июнда ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, жабыркагандар болгон эмес.
“Өрттү өчүрүүгө саат 19:53тө Ош шаардык №13 Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, РЭТтин кызматкерлери менен биргеликте өрт 20:20да толук өчүрүлгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан”, - деп кошумчаланган маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 5-июнда Оштогу Кокумбий көчөсүндө да бир мончо жарылып, өрт чыккан. Анда 7 киши жабыркаганы айтылган.