ЭЛДИК КАБАР: "Буга ким жооп берет?" Окурман Кызыл-Кыяда берилип жаткан кир сууну көрсөттү (видео)

Бүгүн, 6-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарында кир суу берилди. Буга ким жооп берет? Мындай билдирүүнү жергиликтүү тургун ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлап, видео менен бөлүштү.

"6-июнь саат 06:40 болду. Бир сааттан бери суу тунбай жатат. Буга чара колдонулушу керек да. Өзү бир күндө эртең менен-кечинде 2-3 сааттан суу берилет. Кир сууну ичирип жатышат. Буга ким жооп берет? "Кызыл-Кыя суу каналы" буга жооп береби же жооп бербейби?" - деди ал.

Ошондой эле окурман суунун акчасын убагында төлөп жатканын айтып, шаардык суу канал ишканасынын ишине нааразы болду.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

06.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан