Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан – Малайзия улуттук курамалардын беттешинде калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарат. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Ливандык Реда Али оюндун резервдик калысы боло тургандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы өз оюн талаасында малайзиялыктарды кабыл алат. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 21:00дө башталат.