22-декабрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча "Дордой" ассоциациясынын кубогу үчүн Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Анда 7 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеште кыздар арасында 7 салмак категориясынын төртүндө казакстандыктар чемпион аталды.
Чемпиондор: Күмүшай Соскеева (48 килограмм салмакта), Ксения Бельдягина (52 кг), Анна Казюлина (57 кг, Казакстан) Севара Нишанбаева (63 кг, Казакстан), Зире Бектас кызы (70 кг, Казакстан), Зарина Райфова (78 кг, Казакстан), Сарбашова Нагира (78 кг).