22-декабрда аяктаган дзюдо боюнча “Дордой” ассоциациясынын кубогу үчүн өткөн эл аралык мелдеште уландар арасында кыргызстандыктар 6 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу КРнын Дзюдо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, уландар арасында 7 салмак категориясында өткөн кармаштарда 6 медаль Кыргызстанда калды. Кыргызстан курама командасынан Адилет Ботоканов (60 килограмм салмакта), Ислам Баялинов (66 кг), Азат Кубакаев (73 кг), Тариэл Үсөнов (81 кг), Чыңгыз Мамедов (100 кг) жана Юрий Краковецкий (100 килограммдан жогорку салмакта) сыяктуу дзюдочулар алтын тагынышты.