Бүгүн, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өткөн Кыргызстан – Малайзия футболдук беттеши 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.
Кыргызстан үчүн алгачкы голду 24-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Тилекке каршы, 39-мүнөттө Кыргызстандын дарбазасына автогол кирип, эсеп теңелди.
Кыргыз футболчуларына 16 миңге жакын адам күйөрмандык кылды.