"Евро-2024": Англия турнирге бир жума калганда эки негизги оюнчусун жоготту

"Манчестер Ситинин" чабуулчусу Жек Грилиш менен "Манчестер Юнайтеддин" коргоочусу Гарри Магуайр Германияда өтүүчү Европа чемпионатына барышпайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Магуайр буга чейин Англия курамасына чакырылган. Бирок апрель айында алган жаракатынан улам Европа чемпиондугуна катыша албайт. Англиялык футболчу турнирге чейин калыбына келе албаары белгиленген.

Англиялык чабуулчу Жек Грилиш дагы Еврого барбайт, анткени Англия курамасынын башкы машыктыруучусу Гарет Саутгейт Грилиштин азыркы оюнуна канааттанган эмес.

Англия курамасы Европа чемпиондугунда "С" тайпасында ойнойт. Гарет Саутгейттин командасынын атаандаштары Сербия, Дания жана Словения курама командалары болот.

Европа чемпиондугу 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Турнирдин беттештерин 10 шаардын 10 стадиону кабыл алат. Финал Берлиндеги 74 миң көрүүчү бата турган "Олимпиаштадион" стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан