Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишимин түзүү Армения Конституциясын өзгөртмөйүнчө мүмкүн эмес. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясына (ТүркПА) мүчө өлкөлөрдүн парламент башчылары менен жолугушууда билдирди.
Ильхам Алиев
"Армениянын азыркы Конституциясы өзгөрүүсүз калганда Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимин түзүү мүмкүн эмес. Бул маселенин көтөрүлүшү Бакунун Еревандын ички иштерине кийлигишүүсүн билдирбейт. Бирок алар бизге аймактык дооматтары бар маалда биз Армения менен тынчтык келишимин түзө албайбыз", - деди Алиев.
Азербайжандын лидери белгилегендей, Азербайжан эч качан бир дагы өлкөгө, анын ичинде Арменияга аймактык дооматы болгон эмес жана жок.
"Алардын (Армения) бизге каршы аймактык дооматтары бар болчу. Дал ушул алардын кийинчерээк Конституциясынын бир бөлүгү болуп калган Эгемендүүлүк декларациясында Азербайжанга каршы аймактык дооматтар бар", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Армениянын Конституциясында жана анын Эгемендик декларациясында Азербайжандын Карабак аймагы Армениянын курамында көрсөтүлгөн.
Бул жоболор тынчтык келишимин түзүүгө тоскоолдуктарды жаратат, анткени Азербайжан келечектеги чыр-чатактар менен тирешүүлөрдүн негизин жок кылуу үчүн Армениянын Конституциясынан аймактык дооматтарга бардык шилтемелерди алып салуу зарылдыгын талап кылууда.