Ош шаарында жайгашкан «Прада» түнкү клубунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубда күзөт кызматкери болуп иштеген 2004-жылы туулган И.у.Б. гашиш жана спайс сыяктуу баңгизаттарын сатуу менен алектенип жүргөндүгү такталган.
Ошондой эле, И.у.Б.нын 2005-жылы туулган Б.у.А. аттуу шериги аныкталган. Ал официант болуп иштеп, түнкү клубда баңгизат сатуу менен алектенген.
"Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 31-майда «Прада» түнкү клубунун жанынан И.у.Б., ал эми 2-июнда Ош шаарынан Б.у.А. кармалды. Кармалгандар Ош шаарындагы №25 мекемеге киргизилди. Азыркы учурда УКМК жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы биргелешкен пландын алкагында аталган наркоканалга тиешеси бар башка адамдардын кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды чогултууга жана документтештирүүгө багытталган тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларын улантууда", - деп билдиришти УКМКдан.