UFC уюмунун атактуу мушкерлеринин жыйынында массалык мушташ болду (видео)

UFC уюмунун мурдагы жылдыз мушкерлери Нейт Диас менен Хорхе Масвидалдын пресс-конференциясында күйөрмандар массалык мушташка катышышты.

Америкалык промоушендин жылдыздары бокс эрежеси боюнча беттешүүгө даярданып жатышат. Пресс-конференция учурунда экөөнүн ортосунда оозеки чыр чыгып, андан кийин Нейт Диас кетип калды.

"Мен бул жерде отургандан тажадым, сени карап отуруп чарчадым! Болду бүттү, кийинки беттешиме чейин пресс-конференция болбойт", - деди Нейт Диас.

Бул сөздөн кийин мушкер пресс-конференциядан кетип калды. Ошол учурда Масвидаль күйөрмандардын арасында болчу. Алар мушкерди түртө башташканда түшүнбөстүк чыгып, ал массалык мушташка айланды.

Белгилей кетсек, Нейт Диас менен Хорхе Масвидаль 6-июлда АКШнын Калифорния штатындагы Анахайм шаарында бокс эрежеси боюнча беттешет. Бул беттеш алгач 1-июнда өтүшү керек болчу, бирок кийин уюштуруучулар аны 7-июлга жылдырышкан.

2019-жылы Масвидаль "UFC 244" турниринде Диасты техникалык нокаут менен жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан