Базар-Коргондо 26 жаштагы Исламбек дайынсыз жоголду

Базар-Коргон шаарында 1998-жылы туулган Айдаров Исламбек Латипжанович 15-майдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Ал 15-май күнү Базар-Коргон шаарынын Абдураимов айылынын Д.Женбаев көчөсүнүн №1 үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Учурда Айдаров Исламбек Латипжановичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 сантиметр, кашы, көзү, чачы кара, кара-тору жүздүү, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Күмүш түстөгү футболка, жынсы шым, кара түстөгү бут кийим.

"Дайынсыз болуп жаткан Айдаров Исламбек Латипжанович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз", - деп билдиришти облустук милициядан.

Тел.: 102, (03736) 5-02-61, 0997 30 10 15.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан