Бишкекте адам уурдоого шектелген 3 жаран кармалып, бир шектүү изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-июнда милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү кечке жуук 4 адам күч колдонуп, Киа К5 үлгүсүндөгү унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып барышканын, ал жерден коркутуп, шаардагы күрөөканалардын бирине iPhone үлгүсүндөгү телефонун 38 миң 500 сомго өткөрүп берүүгө мажбурлашканын айткан. Жыйынтыгында жабырлануучунун телефонун өткөртүшүп, акчасын алып алышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2006-жылы туулган С.А., 2005-жылы туулган А.Б. жана 2002-жылы туулган Т.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
"Учурда бул кылмышка катышкан акыркы адамдын жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.