Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду

Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй ЖКККБдан тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 6-июнь күнү болжол менен саат 20:20 чамасында Ош-Бишкек унаа жолунун 101-чакырымында болгон. Анда түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасы карама-каршы тилкеде келе жаткан чоң жүк ташуучу SCANIA үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

"Жол кырсыктын кесепетинен 1961-жылы туулган Ауди С4 унаасынын айдоочусу жана 1992-жылы туулган жаран Жайыл районун аймактык ооруканасына жеткирилген. 1 эркек жана 2 аял окуя болгон жерден каза болушкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан