"Жомоктогудай үй, Rolls-Royce, Lexus 570". УКМК Көлбаев менен байланышкан деп дагы бир бизнесменди кармады (фото)

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун "Бишкек Нефть Компаниясы" ЖАКсынын май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси Н.А.М. тарабынан каржылоо фактысы аныкталган.

"Кылмыш ишинин алкагында Н.А.М. Көлбаев менен ишкерликти жүргүзүү үчүн колдоо алуу максатында байланыш түзгөндүгү, бул үчүн анын кылмыш ишин бир нече жолу каржылагандыгы жөнүндө далилдер алынды. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМК тарабынан учурда аталган кылмыш ишинин алкагында жогорудагы укукка каршы жосундарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан