Жазаларды аткаруу кызматынын №1 жана №25 мекемелеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЖАКтын №1-мекемесинин кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, О.у.М. ички бел куруна 5 даана уюлдук телефондорду катып, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан А.Дга акчалай сыйлык үчүн жашыруун түрдө алып кирүүгө аракет жасагандыгы аныкталган.
Мындан тышкары №25-мекеменин кызматкери Т.К. өз кызмат абалын пайдаланып, мекемеде камакка алынган Д.Мга акчалай сыйлык үчүн уюлдук телефонун сатып жибергендиги такталган.
"Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын тергөө башкармалыгына жиберилди", - деп айтылат маалыматта.