Бишкекте бүгүн, 8-июндун таңында "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп алып, из жашырып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, таңкы саат 4:40 чамасында калаадагы Москва менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу "Тазалык" ишканасынын кызматкери 1960-жылы туулган Ж.Г. аттуу аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Кылмышка ак түстөгү Daewoo Nexiа унаасынын айдоочусу шектелүүдө.
"Учурда айдоочу изделип жатат. Бул окуяга күбө болгон жарандар, ыкчам 102 кызматына же 0 312 530 181, 0 509 102 122 байланыш телефондоруна маалымдоону суранабыз, купуялуулукка кепилдик берилет", - деп айтылат билдирүүдө.