Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик мелдеште күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограммга чейинки салмакта күмүш байгени багындырган.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара 6-9-июнь күндөрү Будапешт шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 6 балбан катышууда.