Бүгүн, 9-июнда Бишкекте №216 автобус кырсыкка учурады. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Андагы маалыматка караганда, кырсык Ак-Өргөө конушундагы Ашар жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Видеодон автобус жол четиндеги электр мамысын сүзүп токтогонун көрүүгө болот.
Жеринде "Тез жардам" менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.
ЖКККБ азырынча кырсык тууралуу маалымат бере элек.