Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков "Токтогул" футбол клубуна кичиавтобустун ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Токтогул шаарында клубдун өкүлдөрү менен жолугуп, анда алар кичиавтобус бөлүп берүү өтүнүчүн айтышкан.
Ага ылайык, Камчыбек Ташиев бул өтүнүчтү жеке көзөмөлүнө алып, кыска мөөнөттө клубга транспорт берүү тапшырмасын берди.
Автобусту тапшыруу аземи Кыргызстандын Улуттук лигасынын 6-турунун алкагындагы "Токтогул" - "Базар-Коргон" клубдарынын беттешинин алдында өттү.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун "Токтогул" футбол клубу Улуттук лиганын командаларынын арасындагы чемпиондуктун катышуучусу жана "Б" зонасындагы лидерлердин бири болуп саналат.