Бишкекте 21 жаштагы кыз долларлаган акча уурдоого шектелип кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июнда милицияга И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 16:00 чамасында базарлардын биринен 6100 доллар жана 150 миң сом салынган капчыгын уурдатканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2003-жылы туулган З.З. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан