Ноокатта 32 жаштагы аял асынган абалда табылды

6-июнда Ноокаттын Гулистан айыл аймагында 1992-жылкы аял асынып алган. Маалыматты бүгүн, 10-июнда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, милицияга айыл тургундарынан 32 жаштагы Р.к.С. каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерде тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө маркум асынып алгандыгы маалым болгон. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда күбөлөр суралып, ыкчам тергөө амалдары уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Милиция окуя маркумдун өз ата-энесинин үйүндө болгондугун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан