Баткен шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Баткен шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары болгонун аныктаган. Мэрия кызматкерлери трансформациялоонун тиешелүү жол-жоболорун бузуу менен жалпы аянты 1,44 гектар жер тилкесин турак жай куруу үчүн жеке менчикке чыгарып беришкен.
"Көрсөтүлгөн тартип бузууларга карабастан "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан белгиленген жер участокторуна каттоо жүргүзүлүп, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген", - деп айтылат маалыматта.
Мыйзам бузуу иштери аныкталгандан кийин жер ээлери жалпы баасы 20 миллион 160 миң сомдук 24 жер тилкесин өз ыктыярлары менен мэриянын балансына кайтарып беришкен.