Бишкектин Ак-Өргөө конушунда жол четиндеги электр мамысын сүзгөн автобустун айдоочусу эс-учун жоготкон. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 10-июнда Бишкек шаарынын мэриясынан тастыкташты.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, 216-маршруттук автобустун айдоочусунун кан басымы көтөрүлүп эсин жоготкон. Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-июнда социалдык тармактарда Бишкекте киши ташыган автобустун кырсыкка учураганы тартылган видео тараган.