Ак-Ордодо 44 жаштагы жаран досунун колунан ажал тапты

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул туурасында бүгүн, 10-июнда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 6-июнда “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал 1980-жылы туулган Ж.Б. экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү менен маркум бирге спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгү, алардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, натыйжада кылмышка шектүү жаран Ж.Бны сабап, ал каза болгон”, - деп кошумчаланган маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан